Кытайда жугуштуу оору башталган Ухань шаарында эл дүрбөй баштады

Ухань (Wuhan) шаарында жаңы түрдөгү коронавирустун жайылышынын себебинен аэропорт жана поезд станцияларынын кетүүчү жүргүнчүлөр терминалдары жабылып, коомдук транспорт токтотулат.

1345875
Кытайда жугуштуу оору башталган Ухань шаарында эл дүрбөй баштады

Кытайда катуу кармаган респиратордук синдрому менен окшоштугу бар жаңы түрдөгү коронавируска кабылгандардын саны 571 кишиге жетти.

Ухань (Wuhan) шаарында жаңы түрдөгү коронавирустун жайылышынын себебинен аэропорт жана поезд станцияларынын кетүүчү жүргүнчүлөр терминалдары жабылып, коомдук транспорт токтотулат.

Жооптуу кызматкерлер, орто эсеп менен 9 миллион калкы бар шаардагы атуулдардын шаардан чыкпоолору боюнча эскертүүсүн кылып, аэропорт жана поезд станцияларынын кетүүчү жүргүнчүлөр терминалдары жабык боло турганын жарыялады.

Жооптуу кызматкерлер автобус, метро, паром жана алыс аралыкка коомдук каттамдардын бүгүн 23-январь бейшемби күнү саат 10:00дөн тарта жабылганын жарыялады.

Вирустун себебинен көз жумгандардын санынын 17ге жеткенин эске салган тийиштүү кызматкерлер, атуулдардын калың топ эл болгон жерлерден жана элге ачык жыйналыштардан алыс туруулары боюнча чакырык таштады.

Азырынча вакцинасы же дарысы табыла элек «nCoV» вирусунун жугуштуу ооруга айланышы элди дүрбөлөңгө салууда.

Чыккан жеринен улам «Ухань вирусу» деп аталган жаңы коронавирус, адамдарга дем алуу жолу менен жугууда. Бул чүчкүрүү жана жөтөлүү болгондо дагы күчөйт.

Алгачкы симптомдору жогорку температура, тамак оорусу, жөтөлүү, дем алуунун кыйындашы жана ич өткөк түрүндө келип чыгып күчөп кеткенде пневмония жана бөйрөктүн иштөөсүнүн начарлашына алып барат, анын акыры өлүм менен жыйынтыкталат.



Тектеш кабарлар