17 миң жылдык буюмдар табылды

Малайзияда табылган таштан жасалган буюмдар изилденип жатат.

1345287
17 миң жылдык буюмдар табылды
malezya eşya 2.jpg

Малайзиянын түндүгүндөгү Кедах аймагында 17 миң жыл мурункуга таандык экени божомолдонгон таштан жасалган буюмдар табылды.

Малайзия басма сөзүндөгү кабарларга караганда, бул аймактын Балинг шаарындагы Каламбу, Тембус жана Акар үңкүрлөрүндө өткөн жылдан бери жүргүзүлүп жаткан археологиялык казууларда тарыхый буюмдар табылды.

Табылган буюмдар иликтениш үчүн Малай дүйнөсү жана маданият институту, Малайзиянын улуттук университети жана Малайя университетинин геология бөлүмүнө жөнөтүлдү.

Алгачкы белгилөөлөрдө буюмдардын 17 жыл мурунку таш дооруна таандык болушу мүмкүн деп билдирилди.

Аймактагы казуулардын улана тургандыгын кабарлашкан жетекчилер, февраль айынын ичинде жаңы буюмдардын табылышы мүмкүн экенин баса белгилешти.



Тектеш кабарлар