АКШнын президенти Дональд Трамп экономика форумуна катышуу үчүн Давоско барды

Трамп сенаттагы сот отурумдарынын биринчи эк күнүндө борбор шаар Вашигтондо болбойт.

1344414
АКШнын президенти Дональд Трамп экономика форумуна катышуу үчүн Давоско барды

АКШнын президенти Дональд Трамп  Дүйнөлүк Экономика Форумуна катышуу үчүн Швейцарияга барды.

Дональд Трамп сенаттагы импичмент соту башталгандан мурда Дүйнөлүк Экономика Форумуна катышуу үчүн  Швейцарияга барды. Трамп сенаттагы сот отурумдарынын биринчи эки күнүндө борбор шаар Вашигтондо болбойт.

Трамптын Давостогу жолугушууларына байланыштуу Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Трамптын бул жерде Ирактын президенти Бехрам Салих, Пакистандын премьер  - министри Имран Хан, Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун премьер  - министри Нечирван Барзани, Швейцария Конфедерациянын төрагасы Симонетта Соммаруга, Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула вон дер Лейен жана Дүйнөлүк Экономика Форумунун куруучусу Калус Шваб менен өз өзүнчө эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү белгиленди.

Давосто биринчи күнкү жолугушууларында ачылуу отурумунда катышуучуларга кайрыла турган Трамптын АКШ менен саммитке катышкан өлкөлөрдүн ортосунда соода жана экономикалык карым  - катнаштарга байланыштуу кенен масштабдуу баа бериши күтүлүүдө.

Трамптын Иран менен болгон аскердик араздашуусунан кийин АКШ аскерлеринин өлкөдөн чыгышын каалаган Ирактын президенти менен жолугушары да өзгөчө көңүлдөрдү бурууда.

Ак үй булактары Трамптын Давосто болгон убакыттын ичинде сенаттагы жактоочу тобу менен дайыма байланыш ичинде болорун жана абалдарды жакындан иликтей тургандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар