Ливия конференциясынын Жыйынтык билдирүүсү жарыяланды

Жыйынтык билдирүүсүндө Ливиянын өкүлдөр палатасы бекиткен бир, бириккен, кеңири жана таасирдүү өкмөттүн түзүлүүсү колдоого алынганы белгиленип, Ливиянын Саясий келишиминин саясий чечүүчү жол табыш үчүн маанилүү жол картасы болгону билдирилди.

1343700
Ливия конференциясынын Жыйынтык билдирүүсү жарыяланды

Ливияда туруктуу ок атпоо жана саясий процесстин башталышы максатында Германиянын борбор шаары Берлинде өткөн Ливия конференциясынын Жыйынтык билдирүүсү жарыяланды.

Жыйынтык билдирүүсүндө Ливиянын өкүлдөр палатасы бекиткен бир, бириккен, кеңири жана таасирдүү өкмөттүн түзүлүүсү колдоого алынганы белгиленип, Ливиянын Саясий келишиминин саясий чечүүчү жол табыш үчүн маанилүү жол картасы болгону билдирилди.

«Борбордук жана жарандык башкаруунун көзөмөлүндө бириккен Ливиянын улуттук коопсуздук системасынын түзүлүүсүн колдойбуз»,делген билдирүүдө, ушул алкакта полиция жана аскердик күчтөрдүн бир башкаруунун астында биригүүсү керектиги баса белгиленди.

Билдирүүдө ок атпоонун ишке ашуусун текшере турган жана көзөмөлдөй турган техникалык комитеттер түзүлүүсү үчүн БУУга чакырык салынып, ошол эле учурда БУУнун тараптардын ортосундагы ок атпоо сүйлөшүүлөрүн жеңилдетүүчү ролду милдеттенүүсү талап кылынды.

Билдирүүдө, «Ок атпоонун башталышынан тарта тараптарды жана колдоочуларын аскердик кыймылдарын токтотууга чакыруудабыз»,делди.

Ливияда бардык тараптарга эркин, кеңири жана адилеттүү шайлоолор менен өткөөл мезгилди соңуна чыгаруулары үчүн чакырык ташталган билдирүүдө, «Ливиялыктар тарабынан жүргүзүлгөн кеңири саясий процесске» кайрадан кайтылышы боюнча талап орун алды.

Билдирүүдө, «БУУнун карамагында Берлин саммитинен кийин координацияны улантыш үчүн Улуттук байкоо комитетин түзүүдөбүз»,делди.

Берлин Конференциясына катышкан бардык тараптардын жана эл аралык уюмдар кошула турган Комитеттин БУУнун жол башчылыгында координацияны камсыздай турганы белгиленген билдирүүдө, жогорку даражадагы жооптуу кызматкерлердин катышуусунда айына бир жолу чогула турган Комитеттин адистер деңгээлинде да 4 техникалык жумушчу топту камтый турганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар