Жаңы бир башка планета табылды

Астрономдор жерге эң жакын планета "Proxima b" менен ошол эле жылдызынын тегерегинде айланган бир планетаны дагы табышты.

1342197
Жаңы бир башка планета табылды

Астрономдор жерге эң жакын планета "Proxima b" менен ошол эле жылдызынын тегерегинде айланган бир планетаны дагы табышты.

Жыйынтыктары "Science Advances" журналында жарыяланган изилдөө "Proxima c" деп аталган бул жаңы планетанын жерден чоң, уран менен нептундан кичине экендигин ортого салды.

Астрономдордун субмиллиметрдик телескобу «АLMA» менен жүргүзгөн байкоолордо табылган "Proxima cнин" жылдызы Proxima Centauriнин орбитасындагы турун 5,2 жылда айланып чыккандыгы эсептелди.

Proxima Centauriнин жакын орбитасындагы "Proxima bнин" жерден болжол менен бир жарым эсе чоң экендиги жана жылдызынын тегерегинде ар бир 11,2 күндө бир айлангандыгы аныкталды.

"Proxima bде " ысыктыктын суунун суюктук түрүндө табылышында ыңгайлуу экендиги билдирилген.

Жаңы табылган планетанын жылдызына  жайгашуусунан улам "Proxima cде" эгерде суу бар болсо тоңгон абалда болору белгиленди.

Илимпоздор өткөн жылы жерге эң жакын башка планета "Proxima bге " коңшу башка бир планетанын бар экендигине байланыштуу далилдерди тапкан.



Тектеш кабарлар