Хафтер Орусияга барууга даяр экендигин билдирди

Кремлдин басма сөз кызматынан берилген маалыматта Хафтердин Орусиянын президенти В. Путинге кат жибергендиги белгиленди.

1342928
Хафтер Орусияга барууга даяр экендигин билдирди

 Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтер тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу үчүн Орусияга сапар менен барууну каалап жатат.

Кремлдин басма сөз кызматынан берилген маалыматта Хафтердин Орусиянын президенти В. Путинге кат жибергендиги белгиленди.

Маалыматка караганда катта : «Ливияда тынчтыктын түзүлүшүнө карата Москвада жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр үчүн ыракмат айтабыз жана муну толугу менен колдойбуз. Баштаган сүйлөшүү процессин улантуу үчүн чакырууңузду кабыл алып Орусияга сапар менен барууга даярмын»,- деп билдирилди.

Хафтер жуманын башында Түркия жана Орусиянын байкоосу астында Москвада жүргүзүлгөн ок атышууну токтотуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин түзүлгөн келишимге кол койбостон Орусиядан кеткен.



Тектеш кабарлар