Сергей Лавров : "АКШнын акылсыз кыймылдары Жакынкы Чыгышта апаатка жол ачты"

Лавров туура эмес атаандашууга аракет кылган АКШнын Дүйнөлүк соода уюмунун аткара турган иштерине тоскоол болгондугун да айтты.

1342223
Сергей Лавров : "АКШнын акылсыз кыймылдары Жакынкы Чыгышта апаатка жол ачты"

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын акылсыз кыймылдарынын Жакынкы Чыгыш аймагында апааттарга жол ачкандыгын айтты.

Лавров Москва мамлекеттик дипломатия институтунун Өзбекстандын борбор шаары Ташкенттеги филиалында сүйлөгөн сөзүндө АКШнын Жакынкы Чыгыштагы абалдар тууралуу маалымат берди.

Ирак, Ливия сыяктуу өлкөлөрдүн АКШнын кыймылдары менен бөлүнгөндүгүнө көңүлдөрдү бурган Лавров : «АКШ жана союдаштарынын кыймылдары Жакынкы Чыгышта апааттарга жол ачты»,- деди.

Лавров Ирандын тегерегиндеги абалдын да начарлагандыгын белгилеп : «АКШнын Иран атомдук келишиминен чыгышы, курал текшерүү жана массалык жок кылуучу куралдарынын жайылышы жактан чыңалуу жараткан абалды пайда кылды»,- деди.

Лавров туура эмес атаандашууга аракет кылган АКШнын Дүйнөлүк соода уюмунун аткара турган иштерине тоскоол болгондугун да айтты.

Сергей Ларов : «АКШ мыйзамдуу болбогон санкцияларды жана доллардын статусун кыянаттыкка колдонуу менен өз чечимдерин башка өлкөлөргө кабыл алдырууга аракет кылууда»,- деди.

 



Тектеш кабарлар