Ливия маселесин чечүү аракеттери

Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте чакырык салды.

1342445
Ливия маселесин чечүү аракеттери

Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте, Ливиядагы маселенин саясий жолдор менен чечилүүсү үчүн диалогдун биринчи кадамы катары туруктуу ок атпоо чакырыгын салды.

Алжирдин расмий кабар агенттигине караганда, Италиянын премьер-министри Конте расмий сапардын алкагында Алжирдин президенти Абдулмежид Теббун менен жолукту.

Конте жекшемби күнү Германияда өтө турган конференция үчүн Алжир менен биргелеше аракет кылгандарын белгилеп, Ливиядагы маселеге тынчтыкчыл жана саясий чечүүчү жол табуу үчүн баардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жаткандарын айтты.

Германиянын канцлери Ангела Меркель 19-январь жекшемби күнү өтө турган Ливия конференциясы үчүн мамлекет жана өкмөт башчылары деңгээлинде чакырган эле.

Конференцияга Түркия, АКШ, Орусия, Англия, Франция, Кытай, Бириккен Араб Эмирликтери, Конго Республикасы, Италия, Египет, Алжир менен катар БУУ, Европа Биримдиги, Африка Биримдиги жана Араб лигасынын өкүлдөрүнүн катыша турганы, БУУнун карамагындагы мыйзамдуу улуттук ынтымак өкмөтүнүн премьер-министри Файиз эс-Серрак жана Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Хафтердин да чакырылгандыгы белгиленген.



Тектеш кабарлар