Мишустин Орусиянын жаңы премьер-министри болду

Путин Михаил Мишустинди премьер-министликке дайындады.

1342157
Мишустин Орусиянын жаңы премьер-министри болду

Орусиянын президенти Владимир Путин, Михаил Мишустинди премьер-министликке дайындады.

Путин тарабынан кол коюлган жарлыкка ылайык Мишустин Орусиянын жаңы премьер-министри болду.

Мишустиндин талапкерлиги бүгүн Мамлекеттик Думада бекитилип, добушка салууга 424 эл өкүлү катышкан болчу.

Мишустиндин премьер-министрликке талапкерлиги 383 эл өкүлүнүн добушу менен кабыл алынган. Талапкерлигине эч ким каршы чыккан жок. 41 эл өкүлү болсо «калыс» добушун берген.

Путин тарабынан кабыл алынган башка жарлыктын негизинде мурунку премьер-министр Дмитрий Медведев Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары болуп дайындалды.

Дмитрий Медведев кечээ Путинге өкмөттүн отставкасын сунуштап, Путин болсо Мишустинди Дмитрий Медведевден бошогон премьер-министрлик кызматка көрсөткөн эле.



Тектеш кабарлар