Египетте Анадолу агенттигинин кызматкерлеринин камоого алынышына каршылык көрсөтүлдү
Стефан Дюжаррик Анадолу агенттигинин кызматкерлеринин Египетте камоого алынышын териштиришерин билдирди.
БУУнун башкы катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик Анадолу агенттигинин кызматкерлеринин Египетте камоого алынышын териштиришерин билдирди.
Дюжаррик күнүмдүк басма сөз брифингинде Египет полициясынын Анадолу агенттигинин Каирдеги кеңсесин басып алып 4 кызматкерди камоого алышына байланыштуу : «Журналисттердин камоого алынышы жана камоого алынгандыгына байланыштуу кабарлардан ар дайым тынчсызданабыз. Маселени териштиребиз»,- деди.
АКШнын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта да : «Египет башкаруусуна камоодогу Анадолу агенттигинин журналисттерин эркин койо берүүгө чакырабыз»,- деп билдирилди.
Журналисттерди коргоо комитети CPJ да Египетте камоого алынган Анадолу агенттигинин кызматкерлерин дароо эркин койо берүүгө чакырды.
CPJнын Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка координатору Шериф Мансур берген маалыматында : «Египетте иш алып барган журналисттер өлкөлөр арасында саясий эсептешүүдө колдонулуу коркуусу менен иштегенге мажбур болбошу керек. Жетекчилер камоого алынган Анадолу агенттигинин кызматкерлерин дароо эркин койо берип, медианы коркутууга карата негизсиз күнөлөөлөрдү токтотушу керек»,- деди.
Маалыматта CPJнын Египетте башкы прокурор менен Анадолу агенттигинин кызматкерлеринин камоого алынгандыгына байланыштуу байланышка өткөндүгү бирок жетекчилерден комитетке билдирүү берилбегендиги белгиленди.
Эл аралык басма сөз институтунун мыйзам бөлүгүнүн директору Рави Р. Прасад да Анадолу агенттигинин кызматкерлеринин камоого алынышына катуу каршылык көрсөтүп : «Анадолу агенттиги жана мекеменин кызматкерлери журналисттерге карата Египет коопсуздук күчтөрү тарабынан жасалган кол салууну катуу айыптайбыз»,- деп билдирди.
Прасад : «Каир башкаруусу 4 журналистти дароо койо берип, камоого алуу себебин да билдириши керек»,- деди.
Балкан жана Түштүк Чыгыш Европа маалымат агенттиктери биримдиги да бул окуяга каршылык көрсөтүп бул кыймылдын басма сөз эркиндигине зыянын тийгизгендигин белгиледи.