Өзөктүк куралданууда Орусия лидер

Путин өлкөсүнүн өзөктүк куралданууда берки өлкөлөрдүн алдында экенин айтты.

Өзөктүк куралданууда Орусия лидер

Орусиянын президенти Владимир Путин, өлкөсүнүн өзөктүк куралданууда берки өлкөлөрдүн алдында экенин билдирди.

Путин баш калаа Москвада Манеж жарманке борборунда Федералдык парламентке кайрылган сөз сүйлөөсүндө эл аралык, аймактык жана куралданууга байланыштуу темаларга токтолду.

Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы абалдын көзөмөлсүз түрдө өзгөргөндүгүнө көңүл бурган Путин, аймактык маселелердин эл аралык коомчулук үчүн коркунуч жаратканын айтты.

Путин аймактагы маселелердин чечилүүсү темасында түздөн-түз диалогдун курулуусу керектигин белгилеп: «Өзөктүк куралга ээ болгон 5 өлкө (АКШ, Орусия, Англия, Франция, Кытай) адамдардын корголуусу жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо боюнча жооптуу. Бул өлкөлөр дүйнөлүк согуштун себептерин жое турчу процессти башташы керек»,-деп айтты.

Орусиянын эч кимди коркутпаганын жана коопсуздук темасында керектүү кадамдарды убагында таштаганын жактаган Путин: «Улуттук коопсуздукту күчтөндүрүү үчүн убагында жана жетиштүү кадамдарды таштадык. Совет мезгилинде жана бүгүнкү күндө дагы өзөктүк куралданууда эч ким менен жарышкан жокпуз. Тескерисинче дүйнөдөгү берки өлкөлөрдүн, Орусиянын ээ болгон куралдарды өндүрүүсү күтүлүүдө. Бирок бул тармакта дүйнөдөгү кырдаалга байкоо салып жана талдоо жүргүзүп алдыга карай умтулушубуз керек»,-деди.



Тектеш кабарлар