Ливияда Хафтерди жактаган куралчан топтор ок атпоону бузду

Улуттук ынтымак өкмөтүнүн басма сөз катчысы Мухаммед Кунуну, Хафтер террористтеринин Рамле жана Салахаддин аймактарындагы отурукташкан жерлерге снаряд атканын маалымдады.

1340950
Ливияда Хафтерди жактаган куралчан топтор ок атпоону бузду

Ливияда мыйзамсыз куралдуу топтордун лидери Халифе Хафтерге караштуу террористтер борбор шаар Триполинин түштүк жагындагы Салахаддин жана Эр-Рамле аймактарына снаряд менен кол салды.

Улуттук ынтымак өкмөтүнүн басма сөз катчысы Мухаммед Кунуну, Хафтер террористтеринин Рамле жана Салахаддин аймактарындагы отурукташкан жерлерге снаряд атканын маалымдады.

Кунуну, Хафтерди жактаган жалданган аскерлердин аймакка жайгашканын жана Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) таандык учкучсуз учуучу аппараттарынын да Триполинин асманында учканын айтты.

Улуттук ынтымак өкмөтүнүн Хафтер террористтерине жооп кайтаргыдай күчтө болгонун белгилеген Кунуну, аймактан көчкөн элге да кагылышуулар токтомоюнча үйлөрүнө кайтпоо чакырыгы салынды.

Түркия жана Орусиянын биргелешкен демилгеси менен даярдалган «Ок атпоо» келишимине мурдагы күнү Москвада ишке ашкан сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Улуттук ынтымак өкмөтү тарабынан кол коюлган. Хафтер болсо келишимге кол койбостон кечээ эртең менен Москвадан чыгып кеткен болчу.

Халифе Хафтердин жактоочусу борбору Тобруктагы Өкүлдөр палатасынын төрагасы Акиле Салих болсо түн ортосунда «ок атпоо соңуна чыкканын жана согуштун улана турганын» жарыялаган.



Тектеш кабарлар