Жамму Кашмирде кар көчкү болду

Көчкүдө 8 киши каза болду.

1340693
Жамму Кашмирде кар көчкү болду

Индиянын Жамму Кашмир аймагында акыркы 48 саатта катуу кар жаашы менен бирге көчкү болуп 8 киши каза болду. Алардын ичинен үчөөсү аскер.

NDTV каналынын кабарына караганда Кашмирдин түндүк бөлүктөрүндө акыркы 48 сатта катуу жааган кардан улам Купвара, Барамулла жана Гандербал аймактарына көчкү түштү. Аскердик булактар Купвара аймагындагы аскердик пунктка келип түшкөн көчкүнүн астында калган 3 аскердин каза болгондугун билдирди.

Апааттан кийин кээ бир аскерлердин көчкү астынан куткарылгандыгын билдирген булактар 1 аскердин жаралангандыгын жана 1 аскерден кабар алына албай жаткандыгын маалымдады.

Бир тараптан жетекчилер Гандербал аймагында болгон көчкү апаатынан киийн жүргүзүлгөн куткаруу операциясында да кар астында калган 9 жарандан төртөөсүнүн куткарылгандыгын, бешөөсүнүн каза болгондугун билдиришти.

Барамулла аймагында көчкү астында калган 2 жаш кыздын болсо аймактагы кишилер тарабынан куткарылгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар