Трюдо Украина учагынын атып түшүрүлүшүнө каршылык көрсөттү

Трюдо: «Аймакта чыр-чатак болбогондо Украина учагындагы каза тапкандар тирүү болмок»

1340461
Трюдо Украина учагынын атып түшүрүлүшүнө каршылык көрсөттү

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Ирандын абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөндүгү билдирилген Украина учагындагы курман болгондор, аймакта чыңалуу болбогондо тирүү болмок деп айтты.

Трюдо Global News каналына берген маалыматында: «Акыркы мезгилде аймактагы чыр-чатак күчөбөгөндө, ал канадалыктар учурда үйлөрүндө өз үй-бүлөлөрү менен болмок. Кагылышуу жана согушта жүрсөңүз бул боло турчу нерсе. Кесепетин күнөөсүздөр тартууда»,- деп айтты.

Канадалыктардын катуу капа болуп жаткандарын, окуянын кандай болгондугу жөнүндө ачык жоопторду күткөндөрүн жана мындай нерсени дагы эч качан болтурбоону талап кылгандарын айткан Трюдо, бул талапка Иран жетекчилигинин өтө кылдат кулак салуусу керектигин кошумчалады.

Украинанын борбор шаары Киевге баруу үчүн Тегерандагы «Имам Хомейни» аэропортунан учкан Боинг-737 үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы 8-январда эртең менен учкандан көп өтпөй кулап түшүп, учактагы 176 адам көз жумган эле.

Ирандын Башкы штабынын төрагалыгы, Украина аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагын скердик-пунктун үстүнөн өтүп баратканда абадан коргонуу системасы тарабынан жаңылыштык менен атып түшүрүлгөндүгүн билдирген болчу.

Учакта 82 Иран, 63 Канада, 11 Украина, 10 Швеция, 4 Ооганстан, 3 Германия жана 3 Англия жараны болгон.



Тектеш кабарлар