Руханинин Украина учагынын түшүрүлүшү тууралуу маалымдоосу

Ирандын мамлекеттик телеканалына караганда борбор шаар Тегеранда Рухани сөз сүйлөп, Украинанын учагы тууралуу маалымат берди.

Руханинин Украина учагынын түшүрүлүшү тууралуу маалымдоосу

Ирандын президенти Хасан Рухани, Украинанын аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагынын Ирандын абадан коргонуу системалары тарабынан ракета менен атылышынын «кечирилгис ката болгонун» белгилеп, теманы кылдат иликтей турганын айтты.

Ирандын мамлекеттик телеканалына караганда борбор шаар Тегеранда сөз сүйлөгөн Рухани: «Учактын түшүүсүндө күтүлбөгөн абал болгонун божомолдогонумда учактын кантип түшкөнү тууралуу иликтөөнүн эң кыска убакта жасалышын талап кылдым. Кечирилгис ката болгону белгилүү болгондо теманын ылдам түрдө коомдук пикир менен бөлүшүлүүсү буйругун бердим»,-деди.

Рухани: «Убада беремин, өкмөт, бул теманын ачыкка чыгарылышын кылдат байкайт. Сот бутагынын төрагалыгы жогорку рангадагы судья башкарган атайын сот түзүшү керек. Бул катардагы эле дело эмес жана бүткүл дүйнөнүн көңүлү ушул сотко бурулат»,-деп айтты.

Украинанын борбор шаары Киевге баруу үчүн Тегерандагы «Имам Хомейни» аэропортунан учкан Боинг-737 үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы 8-январда эртең менен учкандан көп өтпөй кулап түшүп, учактагы 176 адам көз жумган эле.

Тегеран бийлиги учактын Иран армиясы тарабынан түшүрүлгөнү айтымарын четке каккан, бирок окуядан 3 күн өткөн соң Ирандын Башкы штаб төрагалыгы жүргүнчү учагынын «круиз ракетасы» сыяктуу көрүнгөнгүн жана кыска аралыкка учуучу ракета менен «кокустан» атып алганын моюнга алган.



Тектеш кабарлар