Пакистанда калың кардын жаашы менен каза болгондордун саны 75ге жетти

Улуттук апаатты башкаруу агенттиги кар көчкү болгон айылда 4 кишинин кардын астынан жаралуу куткарылгандыгын, 10 кишини издөө иштеринин улантылып жаткандыгы маалымдалды.

Пакистанда калың кардын жаашы менен каза болгондордун саны 75ге жетти

Пакистанда акыркы 24 саатта калың кар жаашынан улам каза болгондордун саны 75ке жетти. 

Улуттук апаатты башкаруу агенттигинен берилген маалыматка караганда Пакистандын көзөмөлүндөгү Азад Кашмир жана Кашмирде кар көчкү, жер көчкү жана чатырлардын кулашы сыяктуу себептерден улам 55 киши каза болду. Каза болгондордун 19зу болсо Кашмирдин Неелум өрөөнүндөгү Саранган айылында болгон кар көчкүдө каза болду. 

Улуттук апаатты башкаруу агенттиги кар көчкү болгон айылда 4 кишинин кардын астынан жаралуу куткарылгандыгын, 10 кишини издөө иштеринин улантылып жаткандыгы маалымдалды. 

Белужистан  аймагынын апаатты башкаруу агенттигинин төрагасы Имран Заркон аймакта жекшемби күндөн бери катуу кар жаашы менен кулаган чатырлардын астында калган 22 кишинин каза болгондугун белгилеп, жолдор менен аэропорттун да кардын айынан жабылгандыгын айтты.

Пакистандын текшерүүсү астындагы Азад Жамму жана Кашмир менен Синдх жана Пенжап аймактарында болсо катуу жамгыр жаашы менен суу ташкындарынын болушуна себеп болду.

Улуттук апаатты башкаруу агенттигинен берилген маалыматка караганда Кашмирде 15 киши суу ташкынан улам каза болду, Синдх аймагында бир, Пенжапта болсо үч киши каза болду.

Белужистан жана Хайбер Пахтунхва аймактарында да кардан улам бир топ отурукташуу жери менен байланыш түзүлө албай жатат. Жабылган жолдордо калган 500 киши аскерлердин жардамы менен куткарылып, кээ бир аймактарда куткаруу иштерине тик учарлар да катышты.

Өлкөнүн негизги туризм жерлеринен болгон Гилгит  - Балтистан аймагында акыркы 50 жылдын калың кары жаады. Аймакта тоолуу аймактарга бара турган жүргүнчүлөр  көчкү жана жер көчкү болору боюнча эскертилди.



Тектеш кабарлар