Орусия : "Хафтер ок атышпоо текстине кол койбостон Москвадан кетти"

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Хафтер тарабынын да текстке оң карагандыгын белгилеген.

Орусия : "Хафтер ок атышпоо текстине кол койбостон Москвадан кетти"

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Ливиянын чыгышын көзөмөлгө алган Халифе Хафтердин кечээ макулдашуу түзүлгөн ок атышпоо текстине кол койбостон Москвадан кеткендигин билдирди. Министрлик Ливияда тараптардын ортосунда келишимдин түзүлүшү үчүн иш алып баруунун улантылып жаткандыгын да маалымдады.

Орус маалымат агенттиги ТАСС Орусиянын тышкы иштер министрлигинин булактарына таянып берген кабарда Ливиянын чыгышын көзөмөлгө алган генерал Халифе Хафтердин макулдашуу түзүлгөн ок атышпоо текстине кол койбостон Москвадан кеткендигин жарыялады.

Москвада кечээ тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен улуттук коргоо министри Хулуси Акар орус кесиптештери менен жолугушкан жыйында Ливияда мөөнөтсүз ок атышпоо үчүн долбоор текст боюнча макулдашуу түзүлгөн. Жыйындан кийин берилген маалыматта Ливиянын Улуттук ынтыкмактык өкмөтүнүн төрагасы Файиз ес Серраж тарабынын текстке кол койгондугу; Хафтер тарабынан текстти иликтөө үчүн бүгүн эрте мененкиге чейин мөөнөттүн берилишин суранган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Хафтер тарабынын да текстке оң карагандыгын белгилеген.



Тектеш кабарлар