Ливияда ок атпоо үчүн даярдалган текстке Улуттук ынтымак өкмөтү кол койду, Хафтер мөөнөт сурады

Бул тема тууралуу жолугушууларды өткөрүү үчүн кечээ Орусияга барган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, кесиптеши Сергей Лавров менен бирге маалымат жыйын өткөрдү.

Ливияда ок атпоо үчүн даярдалган текстке Улуттук ынтымак өкмөтү кол койду, Хафтер мөөнөт сурады

Ливияда ок атпоо үчүн даярдалган долбоор тексти Улуттук ынтымак өкмөтүнүн премьер-министри Файиз эс-Сараж кол койду, Хафтер болсо бүгүн таңга чейин мөөнөт сураган болчу.

Бул тема тууралуу жолугушууларды өткөрүү үчүн кечээ Орусияга барган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, кесиптеши Сергей Лавров менен бирге маалымат жыйын өткөрдү.

Чавушоглу:Натыйжада ыктымалдуу ок атпоонун үлгүлөрүн камтыган долбоор тектти даярдадык. Бул текст боюнча өзгөчө Хафтер тарабынан келген өзгөртүү сунуштарын дагы макулдашуу түшүнүгү менен эске алдык»,-деди.

Акыркы формасына келгенден кийин Сарраж жана Ливиянын Мамлекеттик жогорку консейинин төрагасы Халид эл-Мишри текстке кол коюп Түрк тарабына тапшырганын билдирген Чавушоглу: «Хафтер тарабы болсо бүгүн эртең мененкмиге чейин,орус досторубуздун бизге айтканына караганда мөөнөт сурады»,-деди.

 



Тектеш кабарлар