Иран Англиянын Тегерандагы Элчилигин жаап кое турганынын белгисин берди

Иран Тышкы иштер министрлигинин жарыясында Роб Макэйрдин бийликке каршы митингдерге катышуусу мыйзамсыз жана кесипкөйлүккө терс түшкөн абал деп мүнөздөлгөн.

Иран Англиянын Тегерандагы Элчилигин жаап кое турганынын белгисин берди

Иран Англиянын тегерандагы элчиси Роб Макэйрдин окуяларга кийлигишүүсүн уланткан учурунда элчилигинин жабыла турганынын белгисин берди.

Иран Тышкы иштер министрлигинин жарыясында Роб Макэйрдин бийликке каршы митингдерге катышуусу мыйзамсыз жана кесипкөйлүккө терс түшкөн абал деп мүнөздөп, «Иран, Роб Макэйрдин ичкеридеги митингге шектүү катышуусун жана Англиянын органдарынын ылайыксыз билдирүүлөрүн катуу айтыптайт»,делди.

Англиянын жооптуу кызматкерлеринин Касым Сүлейманинин өлтүрүлүшү тууралуу билдирүүлөрүнүн АКШнын таштаган кадамына өнөктөштүк маанисин бергенин жактаган Ирандын билдирүүдө, Роб Макэйрдин тегерандагы митингге катышуусунун да Ирандын ички иштерине кийлигишүү түшүнүгүн бергени баса белгиленип, мындай түрдөгү кыймылдарын токтотуу чакырыгы салынды.

Билдирүүдө Роб Макэйрдин митингдерде орун алышынын дипломатиялык принциптерге терс түшкөнү жана мындай түрдөгү мамилелери уланган учурунда, Ирандын Тышкы иштер министрлигинин элчини чакыртуу менен эле тим болбой турганы менен эскертти.

Ирандын жаңылыштык менен атып түшүргөнүн жарыялаган Украина учагында каза болгондор үчүн уюштурулган эскерүү иш-чарасына катышкан Англиянын тегерандагы элчиси Роб Макэйр, 11-январда «айрым радикал жана кыйратуучу кыймылдарды уюштурууга жана чагым салууга аракет кылганы» айтымы менен кармалып, бир топтон кийин эркин кое берилген.

Англиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб, Роб Макэйрдин камакка алынышынын эл аралык укуктун «абдан жаман тебелениши» экенин белгилеген.

Иран болсо Англиянын элчисинин Тегерандагы «мыйзамсыз митингдерге» катышканы себебеи менен Лондон бийлигине нааразылык нотасын жөнөткөн.



Тектеш кабарлар