Дональд Трамп : "Сүлейманинин коркунучтуу өтмүшү бар"

Иранда башкарууга каршы митингдерде митингчилердин АКШ байрагын тебелебегендигине токтолгон Трамп мунун «маанилүү бир абал» экендигин айтты.

1340246
Дональд Трамп : "Сүлейманинин коркунучтуу өтмүшү бар"

АКШнын президенти Дональд Трамп өлтүрүлгөн ирандык генерал Касым Сүлейманинин «өтмүшүнүн коркунучтуу» экендигин жана АКШга жакын коркунуч туудуруп же туудурбагандыгынын мааниси жок экендигин белгиледи.

Сүлейманиге карата жүргүзүлгөн АКШ абадан кол салуусун жана убакытысын териштирген демократтарга каршылык көрсөткөн Трамп твиттерден маалымат берди. Трамп : «Демократтар жана жалганчы медиа 20  жылдан бери жасалышы керек болгон нерсени мен ишке ашырганым үчүн террорист Сүлейманини мыкты бир киши сыяктуу көрсөтүүгө аракет кылууда. Экономикалык же аскердик  тармакта аткарган бардык иштеримди ашыкча солчул демократтар басынтышууда. Эч нерсе кылбаган демократтар»,- деди.

Бир тараптан Сүлейманинин АКШ үчүн бир коркунуч экендигин айткан Трамп : «Жалганчы кабар медиасы жана демократ өнөктөштөрү, Сүлейманинин АКШга карата кол салуу ичинде болуп же болбогондугун изилдешүүдө. Сүлейманинин коркунучтуу өтмүшү болгону үчүн мунун мааниси жок»,- деп билдирди.

Иранда башкарууга каршы митингдерде митингчилердин АКШ байрагын тебелебегендигине токтолгон Трамп мунун «маанилүү бир абал» экендигин айтты.



Тектеш кабарлар