Иранда сел жүрдү

Ирандын Систан  - Белужистан аймагында катуу жамгыр жаашы жол ачкан сел апаатында 1 киши каза болуп, 8 киши жараланды.

1339654
Иранда сел жүрдү

Ирандын Систан  - Белужистан аймагында катуу жамгыр жаашы жол ачкан сел апаатында 1 киши каза болуп, 8 киши жараланды.

Ирандык студенттер маалымат агенттигине маалымат берген, саламаттык сактоо министрлигинин апаатты башкаруу боюнча кеңешчисинин орун басары Мухаммед Мутлак : «Систан  - Белужистан аймагынын Ираншехр, Чабахар, Хаш, Декган, Сераван, Сербаз, Кенарек, Миржаве жана Нийкшехр шаарларында катуу жааган жамгыр селдин жүрүшүнө себеп болду. Бул шаарларда азыркы учурга чейин 8 киши жараланып, Сербазда болсо 1 киши каза болду»,- деди.

Бир тараптан Иран расмий кабар агенттиги ИРНАга маалымат берген Систан  - Белужистан аймактык губернатору Али Мухубети акыркы 48 саатта аймакта катуу жааган жамгырдын селдин жүрүшүнө жол ачкандыгын билдирди.

Мухубети : «Пишин жана Зирдан суу сактагычтарынын ташуусу менен 400гө жакын айыл суу астында калды»,- деди.

Аймакка изилдөө  - куткаруу топторунун жиберилгендигин айткан Мухубети сел астында калган айылдарга тамак  - аш жана иче турган суу алып баруунун улантылып жаткандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар