Рухани түшүрүлгөн учак боюнча Зеленскийден кечирим сурады

Укриананын мамлекет башчылык кеңсесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Зеленскийдин Рухани менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн өткөргөнү маалымдалды.

1339155
Рухани түшүрүлгөн учак боюнча Зеленскийден кечирим сурады

Ирандын президенти Хасан Рухани, Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленскийден Украина аба жолдоруна караштуу учагын жаңылыштык менен атып түшүргөндөрү үчүн кечирим сурады.

Укриананын мамлекет башчылык кеңсесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Зеленскийдин Рухани менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн өткөргөнү маалымдалды.

Сүйлөшүүдө Ирандын Украина аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагын жаңылыштык менен атып түшүргөнү темасынын каралганы белгиленген жарыяда, «Рухани, Украина калкына жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Рухани 176 киши каза тапкан трагедия боюнча Ирандын атынан кечирим сурады. Рухани, трагедиянын өлкөсүнүн жаңылыш кыймылдарынын айынан келип чыкканын толугу менен кабыл алды»,делди.

Ирандык жооптуу кызматкерлер учактын кулатылышында күнөөлүү болгон кишилерди жоопко тарта турганын билдирген жарыяда, «Зеленский окуяда каза болгон Украинанын атуулдарына таандык сөөктөрдүн эң кыска убакта өлкөсүнө жөнөтүлүшү керектигин баса белгиледи»,деген серебин салды.

Жарыяда Украинанын тышкы иштер министрлигинин Иранда окуя тууралуу кун төлөө шарттарын камтыган нота жибере тургандары белгиленди. 

Ирандын президенти Рухани, Канаданын президенти Жастин Трюдо менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө да окуяга капа болгонун билдирди.

Техникалык жана укуктук изилдөөлөрдүн улантылышы үчүн керектүү буйруктарды бергенин эске салган Рухани, Ирандын эл аралык мыйзамдардын алкагында бул окуянын ачыкка чагырылышы үчүн ар түрдүү кызматташтыкты канагаттануу менен кабыл алганын сөз кылды.

Рухани, Ирандын консудлдук иштерин жеңилдеткендерин жана эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрүнүн улантылышына даяр болгондорун белгиледи.

Трюдо да каза болгондор үчүн капа болгонун айтып, кырсыктын себептеринин ачыкка чыгарылышы үчүн кызматташуу жана аракет кылынышы керектиин айтты.

Трюдо, тышкы иштер министрлеринин кызматташтыгынан жана Канаданын атуулдары үчүн консулдук кызматтарынын жеңилдетилишине канагаттанганын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар