Иран:«Чыңалуунун азайтылышы үчүн АКШнын аймактан чыгышы керек»

Ирандын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда Хатеми жапон кесиптеши Таро Коно менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1338562
Иран:«Чыңалуунун азайтылышы үчүн АКШнын аймактан чыгышы керек»

Ирандын коргоо министри Эмир Хатеми, Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун соңуна чыгышы үчүн АКШнын аймактан чыгышы керектигин айтты.

Ирандын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда Хатеми жапон кесиптеши Таро Коно менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Хатеми, ирандык генерал Касым Сүлейманинин АКШ тарабынан Ирактын жеринде өлтүрүлүшүн «окшошу көрүнбөгөн чоң күнөө» жана «БУУнун токтомдорунун бузулушу» деп мүнөздөдү.

АКШнын аскерлеринин аймакта болушун аймактагы чыңалуунун башкы фактору катары мүнөздөгөн Хатеми: «Аймакта чыңалуунун азайтылышы, ырааттуулук жана коопсуздуктун камсыздалышы үчүн АКШнын кийлигишүүчү жана баскынчы күчтөрүнүн эң жакынкы убакта соңуна чыгарылышы керек»,-деди.

Жапониянын коргоо министри Коно болсо өлкөсүнүн аймактагы чыңалууну азайтыш үчүн роль алууга даяр экенин айтты.

Бир тараптан Жапониянын медиасы, Кононун Жапония менен байланыштары болгон соода кемелеринин аймактын сууларында коопсуз түрдө сүзүп жүрүүсүн камсыздоо үчүн Өз коргонуу күчтөрүн (SDF) жөнөтүү чечимин ирандык кесиптеши менен сүйлөшкөнүн билдирди.

Хатеминин Жапониянын аймакка аскердик күч жөнөтүү чечимине терс жооп бербегени белгиленди.

Жапониянын министрлер кеңеши 27-декабрда Өз коргонуу күчтөрүнүн Деңиз күчтөрүнө караштуу милдетти аткаруучу күчүнүн Жакынкы Чыгышка жөнөтүлүшүн бекиткен.

Жапониянын Таканами классындагы согуштук кемеси жана 260 кызматкерден турган милдетти аткаруучу күчү февраль айында аймакка багыт алат.



Тектеш кабарлар