Владимир Путин Кара деңизде орус деңиз флотунун машыгуусун иликтеди
Машыгууга 30дан ашуун аскердик кеме, 40тан ашуун учкучсуз аба унаасы жана бир суу түбүндөгү кеме катышты.
1338072
Россиянын президенти В. Путин Кара деңизде орус деңиз флотунун машыгуусун изилдеди.
Кремлден берилген маалыматка караганда Путин Россиянын Кара деңиз жана Түндүк деңиз флоту бирдикте ишке ашырган машыгууну Маршал Устинов ракета крейсеринин палубасынан көрдү.
Путин канаттуу ракета «Калибр» жана «Кинджал» гипер үндүү аба баллистикалык ракеталарынын атышын иликтеди.
Су - 30 жана Су - 24 аскердик учактар менен Ту - 95 стратегиялык бомбалоочу учактар да орун алган машыгууга 30дан ашуун аскердик кеме, 40тан ашуун учкучсуз аба унаасы жана бир суу түбүндөгү кеме катышты.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.