Иранда бүгүн улуттук аза күтүү күнү

Бул туурасында Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы билдирди.

1337499
Иранда бүгүн улуттук аза күтүү күнү

Иран өкмөтү, мурунку күнү Ирандын төңкөрүшчүл гвардиясына караштуу Кудс күчүнүн командири Касым Сүлейманинин сөөгүн жерге берүү зыйнатындагы тебелендиде жана кечээ учак кырсыгында каза тапкандар үчүн бир күндүк аза күтүү жарыялады.

Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Али Ребии социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Сүлейманинин мунунку күндөгү жаназа зыйнатында 56 кишинин, кечээ Тегеранда кыйраган Украина аба жолдоруна таандык учакта 176 кишинин каза тапканына байланыштуу бүгүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялангандыгын кабарлады.

АКШнын абадан операциясында көз жумган Сүлейманинин Керман шаарында өткөрүлгөн жаназа зыйнатындагы тебелендиде 56 киши каза болуп, 213 киши жаракат алган болчу.

Украинанын борбор шаары Киевге баруу үчүн Тегерандагы «Имам Хомейни» аэропортунан асманга көтөрүлгөн Боинг-737 үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы көп өтпөй кулап түшүп учактагы жүргүнчү жана экипаж мүчөсүнөн турган 176 адам көз жумган эле.



Тектеш кабарлар