Иранда кырсыкка учураган Украинанын учагы тууралуу Зеленскийдин билдирүүсү

Зеленский жарыясында Украина учагынын Тегеранда кулап түшүүсүн «Жакынкы Чыгышта коркунучтуу кабар» деп мүнөздөдү.

1336708
Иранда кырсыкка учураган Украинанын учагы тууралуу Зеленскийдин билдирүүсү

Иранда Украина аба жолдоруна таандык учак кулап түштү.

 Украина аба жолдоруна таандык учакта каза тапкандардын санынын 176 киши экени аныкталды.

Тегерандын Имам Хүмейни аэропортунун катчысы Али Кашани, мындан мурда 170 деп жарыяланган жүргүнчү санынын 167, 10 киши деп жарыяланган экипаждын 9 киши экенин маалымдады.

Украинанын тышкы иштер министрлиги учакта 82 ирандык, 63 канадалык, 11 украиналык, 10 швециялык жаран болгонун жарыялады.

Boeing 737 үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы Ирандын борбор шаары Тегерандын 40 чакырым түштүгүндөгү Имам Хумейни аэропортунан Украинанын борбор шаары Киевди көздөй учту. Ичинде экипаж менен бирге 180 киши орун алганы белгиленген учак, учкандан көп өтпөй байланышын жоготуп Тегеранга жакын жердеги Паранд аймагына кулап түштү.

Алгачкы белгилөөлөргө караганда учактын техникалык бузуктуктун себебинен кулаганы айтылып, аймакка өрт өчүргүчтөр жана саламаттык сактоо кызматкерлери жөнөтүлдү.

Ирандын мамлекеттик телеканалы «учакта аман кутулган эч ким жок» деген маалыматты бөлүштү.

Бир тараптан Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский, Иранда кырсыкка учураган Украина аба жолдоруна таандык Boeing 737 үлгүсүндөгү учакта каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Зеленский жарыясында Украина учагынын Тегеранда кулап түшүүсү «Жакынкы Чыгышта коркунучтуу кабар» деп мүнөздөдү.

Алгачкы маалыматтарга караганда бардык жүргүнчү жана экипаж каза тапканын билдирген Зеленский: «Элчилигиби трагедия тууралуу маалыматтарды жана каза тапкандардын тизмесин аныктап жатат. Бардык жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын үй-бүлөлөрүн кайратуулукка чакырамын»,-деп айтты.

Иранда Украина аба жолдоруна таандык учак кулап түшүп 10у экипаждан турган 180 кишиден аман калган эч ким болбогону билдирилди.

Boeing 737 үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы Ирандын борбор шаары Тегерандын 40 чакырым түштүгүндөгү Имам Хумейни аэропортунан Украинанын борбор шаары Киевди көздөй учту. Ичинде экипаж менен бирге 180 киши орун алганы белгиленген учак, учкандан көп өтпөй байланышын жоготуп Тегеранга жакын жердеги Паранд аймагына кулап түштү.

Алгачкы белгилөөлөргө караганда учактын техникалык бузуктуктун себебинен кулаганы айтылып, аймакка өрт өчүргүчтөр жана саламаттык сактоо кызматкерлери жөнөтүлдү.

Ирандын мамлекеттик телеканалы «учакта аман кутулган эч ким жок» деген маалыматты бөлүштү.

Бир тараптан Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский, Иранда кырсыкка учураган Украина аба жолдоруна таандык Boeing 737 үлгүсүндөгү учакта каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Зеленский жарыясында Украина учагынын Тегеранда кулап түшүүсүн «Жакынкы Чыгышта коркунучтуу кабар» деп мүнөздөдү.

Алгачкы маалыматтарга караганда бардык жүргүнчү жана экипаж каза тапканын билдирген Зеленский: «Элчилигибиз трагедия тууралуу маалыматтарды жана каза тапкандардын тизмесин аныктап жатат. Бардык жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын үй-бүлөлөрүн кайратуулукка чакырамын»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар