"Ирандын атомдук келишимдеги бардык убадаларын токтотуусу эч бир коркунуч туудурбайт"

Орусия Ирандын атомдук келишимдеги бардык убадаларын токтотуусунун эч бир коркунуч туудурбай тургандыгын билдирди.

1336115
"Ирандын атомдук келишимдеги бардык убадаларын токтотуусу эч бир коркунуч туудурбайт"

Орусия Ирандын атомдук келишимдеги бардык убадаларын токтотуусунун эч бир коркунуч туудурбай тургандыгын билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ирандын Эл аралык Атом Энергиясы Мекемеси тарабынан текшерилгендиги белгиленип : «Тегерандын атомдук келишимде орун алган уранды байытуу көлөмү жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү багытындагы чектөөлөрдөн баш тартуусу, атомдук куралдын жайылтылышы жактан эч бир коркунуч туудурбайт»,- деп билдирилди.

Орусиянын Иран атомдук келишимине баш ийгендиги белгиленген маалыматта булар билдирилди : «Тийиштүү тараптарга глобалдык мааниге ээ болгон келишимдин тегерегинде дагы көп араздашуу жана белгисиздикти жаратпоого чакырабыз».

Иран өкмөтү жекшемби күнү атомдук келишимдеги убадалардын эч бирине баш ийбей тургандыгын жарыялаган.



Тектеш кабарлар