Трамптан Иранга жаңы коркутуу

Трамп Твиттерден жаңы билдирүү жарыялады.

1335172
Трамптан Иранга жаңы коркутуу

АКШнын президенти Дональд Трамп, Ирандын аймактагы Америка кызматкерине же болбосо имараттарына кол салган учурунда ылдам жана ченемсиз түрдө жооп кайтара тургандарын белгиледи.

Трамп АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөп баратканда Твиттерден жаңы билдирүү жарыялады.

АКШнын Иранга карата кадамдарына байланыштуу өз жетекчилигинин билдирүүлөрүнүн Конгресске багытталган эскертүүлөр экенин белгилеген Трамп: «Ирандын кандайдыр бир АКШ кызматкерине же болбосо имараттарына кол салган учурунда АКШ ылдам жана толук түрдө жооп кайтарат, ал эмес балким ченемсиз жооп кайтарат»,-деди.

Трамп Конгресске кандайдыр бир юридикалык эскертүү берүүгө аргасыз болбогонун бирок ошондой болсо дагы бул эскертүүнү бергенин айтты.  



Тектеш кабарлар