Японияын премьер - министри Жакынкы Чыгышта тараптарга чакыруу салды

Япониянын премьер  - министри Абе Шинзо Касым Сүлейманинин АКШ кол салуусунда өлтүрүлүшүнөн кийин тараптарды маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

1335361
Японияын премьер  - министри Жакынкы Чыгышта тараптарга чакыруу салды

Япониянын премьер  - министри Абе Шинзо Иран Төңкөрүш Гвардиясына караштуу Кудс Күчүнүн командири генерал Касым Сүлейманинин өткөн жумада АКШ кол салуусунда өлтүрүлүшүнөн кийин тараптарды маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Киодо агенттигинин билдиргенине караганда Абе өткөргөн пресс – жыйынында Жакынкы Чыгышта күч алган абалдан абдан тынчсыздангандыгын белгилеп, аймакта чыңалуунун жогорулатылышынан алыс туруу керектигин айтты.

Ошол эле учурда Япония деңиз коргоо күчтөрүнө караштуу күчтөрдүн Аден булуңуна жиберилгендигин эске салган Абе Жакынкы Чыгышта деңиз соода жолдорунун коопсуздугунун түзүлүшүнө жана араздашуунун азайтылышына салым кошушарын айтты.



Тектеш кабарлар