Трамп Иранда 52 обьектини бутага алгандарын жарыялады
Ирандын Төңкөрүшчүл гвардиячыларына караштуу Кудс күчүнүн командири Касым Сүлейманинин АКШ тарабынан өлтүрүлүшүнөн кийин АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу эң жогорку чекке жетти.

АКШнын президенти Дональд Трамп, Ирандын АКШлыктар же АКШ обьектилерине кол салган учурунда Иранга таандык 52 бутаны атыш үчүн белгилегендерин жарыялады.
Ирандын Төңкөрүшчүл гвардиячыларына караштуу Кудс күчүнүн командири Касым Сүлейманинин АКШ тарабынан өлтүрүлүшүнөн кийин АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу эң жогорку чекке жетти.
Ирандын АКШ армиясына жана атуулдарына карай коркутууларына социалдык медиа эсеби Твиттерден жооп берген Трамп: «Дүйнөнү акыркы убактарда жүздөгөн ирандык митингчи жана тирүү кезинде өлтүргөн бардык адамдар менен катар бир америкалыкты өлтүрүп бир тобун жарадар кылган террористтерден тазалаганыбыз үчүн Иран айрым АКШ обьекттерин бутага алуу темасында абдан эр жүрөктүү сөз сүйлөп жатат. (Сүлеймани) Ансыз деле Элчилигибизге кол салып жаткан эле жана башка жерлерди дагы атыш үчүн даярданып жаткан болчу. Иран ансыз деле көп жылдар бою маселе жаратуудан башка ишке жараган жок. Бул бир эскертүү болсун»,-деди.
Трамп: «Иран америкалыктарга же Американын обьектилерине кол салса биз (көп жыл мурда Иран тарабынан барымтага алынган 52 америкалыкты өкүлдүк кылып) 52 Иран обьектисин бутага алган абалдабыз. Айрымдары жогорку деңгээлде жана Иран маданияты жагынан өлкөсү үчүн абдан маанилүү. Бул буталар жана Ирандын өзү абдан ылдам жана абдан катуу түрдө атылат. АКШ дагы көп коркутууну каалабайт»,-деп айтты.