Орусиядан Сүлейманинин өлтүрүлүшүнөн кийин эл аралык коопсуздук эскертүүсү
Россиянын коргоо министрлиги Касым Сүлейманинин АКШ тарабынан өлтүрүлүшүнүн эл аралык коопсуздук системасы үчүн тескери жыйынтыктарга жол ачкандыгын билдирди.

Россиянын коргоо министрлиги Ирандын Төңкөрүш Гвардиясына караштуу Кудс күчүнүн командири Касым Сүлейманинин АКШ тарабынан өлтүрүлүшүнүн эл аралык коопсуздук системасы үчүн тескери жыйынтыктарга жол ачкандыгын билдирди.
Министрликтен берилген маалыматта АКШнын лидерлигиндеги коалиция курулгандан мурда Сирия жана Иракта террордук уюм ДЕАШ жана Аль Каидага каршы Сүлейманинин жол башчылыгында күрөшүү болгондугу белгиленди.
Сирияда ДЕАШ менен күрөштө Сүлейманинин ролу белгиленген маалыматта : «Генерал Сүлейманинин өлтүрүлүшү тууралуу АКШнын тар көз караштагы кадамдары Жакынкы Чыгыштагы аскердик - саясий абалдын күтүлбөгөн жерден артка кетишине жана эл аралык коопсуздук системасы үчүн олуттуу тескери жыйынтыктарга жол ачууда»,- деди.
Тектеш кабарлар
Путин Беларуска өзөктүк курал жайгаштырмакчы
Орус президенти Владимир Путин Орусия менен Беларустун өзөктүк курал боюнча макулдашканын билдирди.

Гутерриш: «Келгиле, баарыбыз үчүн суу коопсуздугун камсыздай турган келечекке кадам таштайлы»
Гутерриш БУУнун 2023-жылдагы Cуу конференциясынын жабылыш жыйынында сөз сүйлөдү.