Россия : "Сүлейманинин өлтүрүлүшү араздашууну арттыра турган кадам"
Россиянын тышкы иштер министрлиги Сүлейманинин өлтүрүлүшүнөн улам Иран калкына көңүл айтылды.

Россиянын тышкы иштер министрлиги Иран Төңкөрүш Гвардиясына караштуу Кудс күчү командири Касым Сүлейманинин АКШ кол салуусунда өлтүрүлүшүн аймак масштабында араздашууну арттыра турган кадам катары көрүшкөндөрүн билдирди.
Россиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан орус медиасына берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Сүлейманинин өлтүрүлүшүнөн улам Иран калкына көңүл айтылды.
Сүлейманинин Ирандын кызыкчылыктарына кызмат кылууга өзүн арнаган киши экендиги белгиленген маалыматта : «Сүлейманинин Америка тарабынан Багдатта жасалган ракеталык кол салууда өлтүрүлүшү аймакта араздашууну арттыра турган кадам катары көрүүдөбүз»,- деди.
АКШнын коргоо министрлиги Иран Төңкөрүш Гвардиясына караштуу Кудс күчү командири генерал Сүлеймани жана Хашди Шаби командиринин орун басары Эбу Мехди ел - Мүхендисинин Багдат аэропортуна жасалган кол салууда өлтүрүлгөндүгүн билдирген.
Тектеш кабарлар

Гутерриш: «Келгиле, баарыбыз үчүн суу коопсуздугун камсыздай турган келечекке кадам таштайлы»
Гутерриш БУУнун 2023-жылдагы Cуу конференциясынын жабылыш жыйынында сөз сүйлөдү.