Орус сенатору Сүлейманинин өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу маалымат берди

Россия федерация кеңешинин эл аралык иштер комитетинин төрагасы Константин Косачев Сүлейманинин өлтүрүлүшүнүн америкалыктар менен Ирактагы шииттердин ортосундагы кагылышуулардын кабарчысы экендигин айтты.

1334071
Орус сенатору Сүлейманинин өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу маалымат берди

Россия федерация кеңешинин эл аралык иштер комитетинин төрагасы Константин Косачев Ирандын Төңкөрүш Гвардиясынын Кудс күчү командири генерал Касым Сүлейманинин АКШнын  абадан кол салуусу менен өлтүрүлүшүнүн америкалыктар менен Ирактагы шииттердин ортосундагы кагылышуулардын кабарчысы экендигин айтты.

Косачев орус басма сөзүнө берген маалыматта Сүлейманинин өлтүрүлүшүн кыска убакыт мурда Багдаттагы АКШ элчилигине карата кол салуунун өч алышына окшогон «абдан жаман сценарий» деп мүнөздөдү.

Орус сенатор Косачев : «Эгерде андай боло турган болсо тилекке каршы жооп кайтаруу көпкө созулбайт. Себеби согуштардын башталышы оңой бирок бүтүшү абдан кыйы»,- деди.

Ирактагы шииттердин бул окуяга каршылык көрсөтөрүн белгилеген Косачев : «Бул кабар америкалыктар менен Ирактагы радикал шииттердин ортосунда жаңы кагылышуулардын кабарчысы»,- деди.

АКШнын коргоо министрлиги АКШнын президенти Дональд Трамптын жолдомосу менен жүргүзүлгөн операцияда Иран Төңкөрүш Гвардиясынын Кудс күчү командиринин генералы Сүлейманинин өлтүрүлгөндүгүн билдирген.



Тектеш кабарлар