Кытайда жаңы оору пайда болдубу?

Ухань шаарында "сырдуу оору" изилденип жатат.

1333573
Кытайда жаңы оору пайда болдубу?

Кытайдын түштүгүндөгү бир шаарда САРСка окшогон "сырдуу оору" изилденип жатат.

Кытай басма сөзүндөгү кабарларга караганда, Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы өлкөнүн Хубэй провинциясына караштуу Ухань шаарына, САРСка окшогон себеби азырынча белгисиз болуп жаткан ооруну изилдеш үчүн кызматкерлерди жиберди.

Ухань шаарындагы ооруканаларда аныкталбаган ооруну жугузуп алган 27 кишинин дарыланып жаткандыгы белгиленди. Алардын жетөөсүнүн абалынын оор экени, беркилеринин жакында чыга тургандары кабарланды.

Бул оорунун өлкөнүн түштүгүнөн келген деңиз азыктарынан жугушу мүмкүн экени айтылууда. Айрым социалдык медиа колдонуучулары бул илдетти САРС оорусу деп бөлүштү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөткүчтөрүнө караганда, дүйнөнүн жалпысында бүгүнкү күнгө чейин 8 миңден ашуун кишиге САРС вирусу жукса алардын 775и көз жумду.



Тектеш кабарлар