Аккуюу станцияларынын экинчи блогунун курулушу 3 айдын ичинде башталат

Аккуюу атомдук кубаттуулук станциясынын экинчи блогунун курулушу 2020 – жылдын биринчи чейрегинде  башталышы мүмкүн.

1332055
Аккуюу станцияларынын  экинчи блогунун курулушу 3 айдын ичинде башталат

Россия мамлекеттик атом энергиясы мекемеси Росатомдун башкы директору Алексей Лихачев Мерсиндеги Аккуюу атомдук кубаттуулук станциясынын экинчи блогу үчүн курулуштун 2020 – жылдын биринчи чейрегинде  башталышы мүмкүн экендигин билдирди.  

Алексей Лихачев  журналисттерге берген маалыматта Түркиянын биринчи атомдук энергия станциясы Аккуюу станциясынын курулуш процессине байланыштуу маалыматтарды берди. Долбоордун  курулушу үчүн аянттагы иштердин улантылып жаткандыгын айткан Лихачев : «Аккуюу станциясынын экинчи блогу үчүн  иштер башталды. Курулуш 2020 – жылдын биринчи чейрегинде баштылышы мүмкүн,  пайдубалын түптөө аземин мартта ишке ашырышыбыз мүмкүн»,- деди.

Аккуюу станциясынын курулушуна байланыштуу өкмөттөр аралык келишимге Россия менен 2010 – жылы  кол коюлган.

Жалпы 4.800 мегават кубаттуулукка ээ болгон жана 4 реактордон турган Аккуюу станциясынын 2023 -  жылы ишке кириши  максат кылынууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар