«Урсула» тайфуну адамдардын өмүрүн алууда

Ылдамдыгы саатына 190 чакырымга жеткен катуу шамал көп сандаган үйдүн чатырларын учурду, бак-дарактарды жана электр түркүктөрүн кулатты.

1329835
«Урсула» тайфуну адамдардын өмүрүн алууда

Филиппинде күч алган «Урсула» тайфунунун себебинен каза тапкандардын саны 16 кишиге жетти.

Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин билдирүүсүндө, өлкөнүн борборундагы Панай аралынын түндүгүндө кечээтен бери таасирдүү болуп жаткан катуу шамалдан кеминде 16 кишинин каза болгону кабарланды.

Ылдамдыгы саатына 190 чакырымга жеткен катуу шамал Капиз, Илоило жана Лейте аймактарында көп сандаган үйдүн чатырларын учурду, бак-дарактарды жана электр түркүктөрүн кулатты.

Жыл сайын орточо 20 тайфун жана тропикалык шамалдан жабыркаган Филиппин аралдары, сейсмикалык зонада болушу жана көп сандаган активдүү жанар тоо жайгашкандыктан дүнөдө табигый кырсыктар көп катталган өлкөлөрдүн бири болуп саналат.



Тектеш кабарлар