Путин беш генералды кызматтан алды

Бул генералдар жетекчи кызматын жүргүзүп жатышкан.

1329715
Путин беш генералды кызматтан алды

Орусиянын президенти Владимир Путин, ар кайсы министрлик жана мекемелерде жетекчилик кылган 5 генералды кызматтан алды.

Путиндин Мамлекеттик мыйзамдык маалымат системасында жарыяланган жарлыкка караганда, өлкөнүн ар кайсы аймактарында Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Териштирүү комитети жана Федералдык абак кызматында жетекчи кызматын жүргүзгөн 5 киши кызматтан алынды.

Генералдардын эмне себептен кызматтан алынгандыгы тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар