Колумбияда жер силкинди

Жер титирөөнүн күчү 6,2 баллга жетти.

1329024
Колумбияда жер силкинди

Колумбиянын борбор шаары Боготанын түштүгүндө 6,2 баллдык жер титирөө катталды.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.03тө Боготанын түштүгүндөгү Мета аймагынын элет жеринде 6,2 баллдык жер титирөө болгондугу кабарланды.

Жер силкинүүдөн 20 мүнөт өткөндөн кийин 5,7 жана 3,8 баллдык кайталанган термелүүлөр катталды.

АКШнын геологиялык изилдөөлөр агенттиги болсо жер титирөөнүн күчү 6,0 баллга жеткенин жана 10 чакырым тереңдикте болгонун кабарлады.



Тектеш кабарлар