100 киши сууга чөгүп кетти

100дөн ашуун адамды ташыган кайык чөгүп кетти.

1329029
100 киши сууга чөгүп кетти

Батыш Африка өлкөсү Бенинде мессага бара жаткан христиандарды ташыган кайыктын чөгүп кетишинен кеминде 100 киши көз жумду.

Нигериянын Лагос шаарында жашаган 100дөн ашуун бениндик Нокуэ көлүнүн жээгиндеги Со-Аве шаарында жайгашкан Херувим жана Серафим чиркөөлөрүндөгү жыл сайын өтүүчү салттык мессага катышуу үчүн ишемби күнү кайык менен жолго чыгышкан.

Адамдарды ташыган кайык Бениндин кургактык сууларында чөгүп кетти.

Кемеде канча кишинин болгондугу белгисиз болсо, ушул учурга чейин 100 кишинин сөөгү табылды.



Тектеш кабарлар