Италияда шамалдуу аба-ырайынын себебинен 3 киши каза болду

Ишемби күнү 2 киши каза болгон өлкөдө, ыңгайсыз аба шарттарынын себебинен каза болгондордун саны 3кө жетти.

1327743
Италияда шамалдуу аба-ырайынын себебинен 3 киши каза болду

Италияда жуманын акырында таасирдүү болгон шамалдуу аба-ырайынын  себебинен 3 киши каза тапты.

Италия басма сөзүндө орун алган маалыматтарга караганда, Неаполдо катуу шамалдын себебинен 62 жаштагы кишинин үстүнө терек кулап каза болду.

Ишемби күнү да 2 киши каза болгон өлкөдө, ыңгайсыз аба шарттарынын себебинен каза болгондордун саны 3кө жетти.

Бир тараптан Сардиния аралындагы Кальяри портуна жүгүн түшүргөндөн кийин Испанияны көздөй бет алган Италиянын желеги илинген «CDRY BLUE» аттуу соода кемеси деңизге чыгаар замат катуу шамал жана чоң толкундардын себебинен портко кайра кайтууга аргасыз болду. Кеме портко жете албастан деңиз менен жар боорчуктардын арасына тыгылды, 12 кишилик экипажы Италиянын жээк коопсуздук топтору тарабынан куткарылды.



Тектеш кабарлар