Европа Биримдиги Ливияда тынчтанууга чакырды

Европа Биримдиги өзгөчө Ливиянын борбор шаары Триполи жакындарында араздашуунун арткандыгын белгилеп, бардык тараптарды тынчтанууга чакырды.

1328097
Европа Биримдиги Ливияда тынчтанууга чакырды

Европа Биримдиги өзгөчө Ливиянын борбор шаары Триполи жакындарында араздашуунун арткандыгын белгилеп, бардык тараптарды тынчтанууга чакырды.

Европа Биримдиги Комиссиясынын катчысы Петер Стано бул тууралуу берген жазуу түрүндөгү маалыматында Ливияда аскердик жол менен маселенин чечилбей тургандыгын, БУУ тарабынан сунушталган саясий жана сүйлөшүлгөн сунуштарга көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

«Эл аралык коомчулуктун бардык мүчөлөрү БУУнун курал эмбаргосун байкоо жана сый көрсөтүүсү керек»,- деген Стано Европа Биримдигинин БУУнун Ливия атайын өкүлү Гассан Саламе жүргүзгөн саясий сүйлөшүүлөрдү жана Берлин процессин күчтүү түрдө колдогондугун билдирди. Стано : «Ливияда жана өзгөчө Триполиде арткан араздашуунун негизинде Европа Биримдиги бардык тараптарга аскердик кыймылдарды токтотуу жана саясий диалогду кайрадан баштоого чакырды»,- деди.



Тектеш кабарлар