2,4 миллион палестиндик жардамга муктаж

Палестинде 2, 4 миллион кишинин гуманитардык жардамга муктаж экендиги билдирилди.

1326825
2,4 миллион палестиндик жардамга муктаж

Палестинде 2, 4 миллион кишинин гуманитардык жардамга муктаж экендиги билдирилди.

БУУнун гуманитардык иштер координация офисинин Палестин кооринатору Джейми Макголдрик Палестин жерлеринде 2, 4 миллион кишинин гуманитардык жардамга муктаж экендигин, булардан «эң көп гуманитардык жардамга муктаж» 1, 5 миллионун камсыз кылуу үчүн 350 миллион доллардын керек экендигин билдирди.

Джейми Макголдрик БУУнун Женевадагы офисинде өткөргөн пресс- жыйынында басып алынган Палестин жерлери менен Газадагы адамзаттык абалга байланыштуу маалыматтарды берди.

Палестиндин премьер- министри Мухаммед Иштиййе менен 11 -декабрда Рамаллахта орчундуу абалдагы гуманитардык жардамга муктаж болгон палестиндиктер үчүн 348 миллион доллар жардам берүүгө чакырышкандарын эске салган Джейми Макголдрик жалпы Палестинде бул кишилердин санынын 2, 4 миллион экендигин, булардын ичинде «эң көп жардамга муктаж» болгон 1, 5 миллион палестиндикти камсыз кылууну максат кылышкандарын жана бул үчүн 350 миллион доллардын керектигин айтты.

Гуманитардык жардамга муктаж палестиндиктердин 65 пайызынын тамак- аш коопсуздугун жашагандыгын билдирген Джейми Макголдрик : «Башка муктаждыктар да саламаттык сактоо, суу, медициналык материалдар, коргоо жана жашай турган жерлер»,- деди.



Тектеш кабарлар