Евробиримдик качкындарды кабыл алган өлкөлөргө колдоо көрсөтөт
2020-жылы 30 миң качкын мүчө өлкөлөргө жайгаштырылмакчы.
Европа Биримдиги, 2020-жылы качкындарды жайгаштырууну кабыл алган мүчө өлкөлөргө каржылык колдоо көрсөтөөрүн билдирди.
Европа комиссиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, бул чечимдин Швейцарияда өткөрүлгөн Дүйнөлүк качкындар форумунда чыгарылгандыгы кабарланды.
Билдирүүдө 2020-жылы 30 миң качкынды мүчө өлкөлөргө жайгаштыруунун максатталгандыгы белгиленди.
Качкындарды жайгаштырууну кабыл алган мүчө өлкөлөргө каржылык колдоо көрсөтүлө тургандыгы айтылган билдирүүдө, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө жайгаштыруу үчүн Түркия, Ливия жана Иорданияга алдыңкылык берилээри маалымдалды.
Мүчө өлкөлөргө жайгаштырылган ар бир качкын үчүн Европа Биримдигинин бюджетинен тийиштүү өлкөгө 10 миң евро которулат.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.