АКШнын Ооганстандагы аскерлери боюнча планы...

АКШ 2001-жылдан бери Ооганстандагы согушта 133 миллиард доллар сарптады.

1323799
АКШнын Ооганстандагы аскерлери боюнча планы...

АКШ Ооганстандан 4 миң аскерин чыгарып кетүүнү пландап жатат.

CNN каналынын АКШлык бир кызматкердин айтканына таянып берген кабарына караганда, АКШнын президенти Дональд Трамп Ооганстандагы 13 миңге жакын Америка аскеринин орто эсеп менен үчтөн бири болгон 4 миң аскерди чыгарып кетүүнү пландоодо.

Трамптын буга чейин да сөз кылган Ооганстандагы Америка аскерлеринин санын азайтуу планын Талибан менен сүйлөшүүлөр кайрадан башталгандан кийин ишке ашыргысы келгени көңүлдөрдү бурду.

CNN каналынын кабарына караганда АКШ 2001-жылдан бери Ооганстандагы согушта 133 миллиард доллар сарптады. 2 миң 300 Америка аскери каза болгон Ооганстанда 58 миңден ашуун ооган аскери жана 38 миң жаран, орто эсеп менен 42 миң да согушкер көз жумду.

Трамп АКШ менен Талибандын ортосунда 2018-жылдын декабрь айынан бери уланып жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүн, 5-сентябрда Ооганстандагы АКШ аскерлерине багытталган жана Талибан мойнуна алган бомбалуу кол салуунун себебинен токтотуп салган болчу.

Дональд Трамп ноябрь айынын аягында Ооганстандагы АКШ базасына жасаган күтүлбөгөн сапарында Талибан менен макулдашкысы келгенин билдирген жана сүйлөшүүлөр кайрадан башталган эле.



Тектеш кабарлар