Жаңы Зеландияда 5,3 баллдык жер титирөө болду

Өрт өчүрүү жана тез жардам агенттиги да Гисборн аймагында сезилген жер титирөөдө чыгым тууралуу маалыматтын берилбегендигин билдирди.

1321027
Жаңы Зеландияда 5,3 баллдык жер титирөө болду

Жаңы Зеландиянын түндүк аралындагы Гисборн  шаарынын түштүгүндө 5,3 баллдык жер титирөө болду.

Жаңы Зеландиянын геологиялык мекемеси GeoNetтен берилген маалыматка караганда эпицентри Гисборн шаарынын 20 километр түштүгүндө 5, 3 баллдык жер титирөө болду.

Жергиликтүү убакыт боюнча 12:58 чамаларында деңиздин 29 километр тереңдигинде  болгон жер титирөөдөн кийин маалымат берген Жаңы Зландия жарандык коргонуу мекемеси цунами коркунчунун жок экендигин жарыялады.

Өрт өчүрүү жана тез жардам агенттиги да Гисборн аймагында сезилген жер титирөөдө чыгым тууралуу маалыматтын берилбегендигин билдирди.

Бир тараптан GeoNet жер титирөөнүн кечээ болгон жана 5 кишинин каза болушуна, 8 кишинин жоголушуна жана 31 кишининда жараланышына себеп болгон Ак аралдагы жанар тоонун жарылышы менен байланыштуу эмес экендигин билдирди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар