Израиль аскерлери палестиндиктери камого алууну улантууда
9 палестиндик камоого алынды.
1320049
Израиль аскерлери басып алган Батыш Шерианын түрдүү аймактарында түнү менен жүргүзгөн тинтүүлөрүндө 9 палестиндикти камоого алды. Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 9 палестиндиктин "террордук кыймылдарга аралашты" деген негиз менен камоого алынгандыгы билдирилди. Маалыматта өзгөчө камоого алынган палестиндиктердин аймактагы камоо борборлоруна жиберилгендиги белгиленди.