Дүйнөнүн эң жаш премьер - министри Санна Марин

Дүйнөнүн эң жаш премьер - министри Санна Марин 34 жашта.

1320212
Дүйнөнүн эң жаш премьер  - министри Санна Марин

Финландияда мурунку премьер  - министр Антти Ринненин арызын беришинен кийин өткөн жалпы кеңеште премьер  - министрликке шайланган Санна Марин дүйнөнүн эң жаш премьер  - министри болду. Марин ошол эле учурда Финландия саясий  тарыхынын үчүнчү аял премьер  - министри шайланды.

Беш партиялуу коалиция өкмөтүнүн эң чоң партиясы болгон Социал демократ партиясынын лидерлик орундугуна отурган 34 жаштагы Санна Мариндин бул жуманын ичинде кызматын башташы күтүлүүдө.

Мариндин премьер  - министр катары кызматын башташы менен бирге Финландиядагы беш коалиция өнөктөшүнүн лидерлери аял болот. Өткөн жума шейшемби күнү мурунку премьер  - министр Антти Ринне күч алган  каршы чыгуулар боюнча арызын берген. Ринне иш таштаган почта кызматкерлеринин талаптарына кулак салбоо жана процессти жакшы башкарбоо менен сынга алынып жаткан.

Санна Марин журналисттердин суроолоруна жооп берип : «Ишенимди кайрадан куруу үчүн көп иштешибиз керек»,- деди.  Дүйнөнүн эң жаш премьер  - министри экендиги суралган Марин болсо : «Эч качан жашымды жана жынысымды ойлоо менен кыймыл кылган жокмун. Мен үчүн эң негизгиси саясатка кирүү себептерим жана шайлоочунун акыркы шайлоодо бизге болгон ишеними»,- деди.

Премьер  - министр Марин 2 мезгил Тампера депутаты катары парламентке кирип, июнь айынан бери Антти Ринне өкмөтүндө  транспорт жана коммуникация министрлиги  кызматын аткарды.



Тектеш кабарлар