Мозамбикте бир шаар суу астында калды

Мозамбикте катуу жааган жамгырдан улам өлкөнүн төртүнчү чоң шаары Беираны суу каптады.

1318946
Мозамбикте  бир шаар суу астында калды

Мозамбикте катуу жааган жамгырдан улам өлкөнүн төртүнчү чоң шаары Беираны суу каптады.

Беира шаар кеңеши тарабынан берилген маалыматта сел апаатынын Идаи бороонунун жаралары жаңыдан айыгып келе жаткан учурда болгондугу белгиленди.

Кеңеш бөлүшкөн фотографияларда көп сандаган унаа менен үйлөрдүн суу астында калгандыгы көрүнүп, эл селден кийинки булганууларга карата эскертилди.

Акыркы айларда Чыгыш жана Түштүк Африкада ашыкча жамгыр жаашы жол ачкан сел жана жер көчкүлөрдө жүздөгөн киши каза болду.

Эл аралык уюмдар болгон сел апаатынын глобалдык ысынууга караштуу климаттык алмашуудан чыккандыгын билдирди.

Март айында Малави, Мозамбик жана Зимбабведе болгон Идаи бороонунда аймакта миңдеген үй кулап, жол бузулуп, эпидемиялар чыга баштаган.



Тектеш кабарлар