Путин АКШны сынга алды

Путин, АКШнын космосто аскердик операцияларды пландаганын билдирди.

1318013
Путин АКШны сынга алды

Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШнын космосту аскердик операциялардын фронту кылууну пландаганын белгилеп: «АКШнын аскердик-саясий жетекчилиги, космостук аянтты аскердик операциялар жүргүзүлө турчу театр сыяктуу көрүп жатат»,-деди.

Путин Сочиде өткөрүлгөн Орусиянын деңиз флотун өнүктүрүүгө карата жыйындагы сөз сүйлөөсүндө, космосто аскердик операциялардын жүргүзүлүшү аракеттерине сереп салды.

Чоң өлкөлөрдүн активдүү түрдө заманбап аскердик космостук системаларды иштеп чыккандарын жана техникалык өзгөчөлүктөрүн жаңылагандарын айткан Путин, АКШнын космосто аскердик операцияларды пландаганын билдирди.

Путин: «АКШнын аскердик-саясий жетекчилиги, космостук аянтты аскердик операциялар жүргүзүлө турчу театр сыяктуу көрүп жатат»,-деди.

Орусиянын космостун куралдандырылышына каршы экендигин баса белгилеген Путин, армиядагы электрондук согуш системаларын өнүктүрүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар