Орусия-Украина мунай келишими
Орусия менен Украина мунай келишимин 10 жылга узартты.

Украинанын «УкрТрансНафта» ишканасынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, бул ишкананын башкы директору Николай Гавриленко менен Орусиянын «Транснефть» команиясынын жетекчи орун басары Сергей Андроновдун баш калаа Киевде жолуккандары белгиленди.
Билдирүүдө бул эки ишкананын ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде «Украина аркылуу мунай өткөрүү жөнүндөгү келишим 10 жылга узартылды» делди.
«УкрТрансНафта» менен «Транснефть» компанияларынын ортосундагы учурдагы келишим 31-декабрда аяктамак.
Орусия дүйнөдөгү эң узун түтүк жолдордун бири болгон «Дружба» кууру аркылуу айрым Чыгыш Европа өлкөлөрүнө күнүмдүк 1,2ден 1,4 баррелге чейин мунай жөнөтөт.
Тектеш кабарлар

Дюжаррик: «Эки мамлекеттүү чечимди колдоону улантабыз»
Дюжаррик күнүмдүк пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берди.